7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Телевизор жана wi-fi орнотулган. Вип классындагы вагон сыноодон өттү

734

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин жетекчилиги алдындагы комиссия жаңы модернизацияланган «Вип» классындагы вагонду сыноодон өткөрүүдө.

Бул вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн «Вип» классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар.

Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүндүк берет, ал эми Боом капчыгайы өзүнүн кооздугу менен бардык саякатчыларды таң калтырат жана биздин жарандарды дагы, чет элдик туристтерди дагы кубандырат.

Вагонду жасалгалоонун үстүндө «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Роман Спасский жетектеген вагон чарбасы иштеген. Монтаждоо жана жасалгалоо иштери эң жогорку сапаттагы материалдарды колдонуу менен үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Вагон толугу менен демонтаждалып, андан кийин капиталдык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, электр тутумдары толук монтаждалган, вагондун кузову бекемделген, жаңы тормоздук жабдуулар, сокку тартуучу түзүлүштөр жана чоң панорамалык терезелер орнотулган. Бардык иштер тиешелүү кызматтардын көзөмөлү астында нускамаларга жана жоболорго так ылайык жүргүзүлдү.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Вип» классындагы вагондун иштөөсүндө жана пайдаланууда эскертүүлөр табылган жок, вагон жүргүнчүлөрдү ташууга даяр. «Вип» классындагы вагон Бишкек-2 – Балыкчы – Бишкек – 2 багытындагы поезддин курамына киргизилет жана жакынкы дем алыш күндөрү бардык каалоочуларга жеткиликтүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735