Кечээ, 4-август «Кумтөр» ишине байланыштуу суракка чакырылган мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы каралып, 30-сентябрга чейин абакта калтырылды.
Сариевдин иши түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өздүк баракчасына жазды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышкан. Адвокаты Тимур Султанов Сариевге коюлуп жаткан Кылмыш кодексинин 319-беренеси (Коррупция) негизсиз деп эсептейт.
Эске салсак, Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон. Андан мурун экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген.
УКМК аны жогорку кызматтык абалынан пайдаланып, «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагууда.