Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочуга 21 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарында унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылатып, мамлекеттик номурунун каттоо нөөмөтүн өткөрүү менен айдап жүргөн “Audi” үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу аныкталды.
Айдоочунун унаасы айып короо жайына киргизилди.