7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Террористтик аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

429

Террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.И.И. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.

Тактап айтканда, ал жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Ош облусунун тургундарынын арасынан Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин, А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк эки адам Сирияга ЭТУ тарабынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн кетүүгө үлгүрүп, аскердик кагылышуу учурунда жок кылынганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

 

430