7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тез арада боорун алмаштыруу зарыл». Улуттук гвардиянын полковниги жардамга муктаж

580

Улуттук гвардиянын полковниги Досбаев Сьездбек Абдылдаевич боордун цирроз оорусуна чалдыгып, тез арада операцияга муктаж. Бул тууралуу Досбаевдин жакындары билдирди.

«Акыркы 5 жылдан бери ушул оору менен алышып келет. Ушул күнгө чейин Кыргызстанда даарыланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрдү. Оорусуна байланыштуу жумушунан пенсияга чыккан. Ага чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында кызмат өтөдү. Ушул жылдын сентябрь айынан баштап оорусу күчөп ракка айланып кетти. Мындан улам бул жактагы дарыгерлер тез арада чет өлкөгө алып барып операция жасатуу керектигин айтышты. Операцияга Индиядан клиникалар менен сүйлөштүк, бирок каражаттын жоктугунан айлабыз кеткенде кайрымдуу кыргыз элине кайрылуу аргасыз болдук. Өзү үй-бүлөсү менен Ош шаарында жашайт, Аксынын Кербен шаарына үй салган болчу көчүп барам деп. Бирок мынтип ооруп калып аны да сатууга койду. Бирок азырынча кардар чыга элек. Көп түкүрсө көл болот дегендей кайдыгер эмес жарандардан жардам сурайбыз«, -дейт Досбаевдин тууганы.

Сьездбек Досбаевге жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот.
Мбанк: 0702 38 37 88,
Байланыш номери: 0703 60 78 64

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581