7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт

583

Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Коргоо министрлигинин жетекчилиги курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Аталган  кызматтан кошумчалашкандай, учурда ооруканада жаткан жабыркаган аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда.

Эске сала кетсек, 17-январда ККнын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулаган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.

Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ага байланыштуу Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн айрым кызмат адамдары убактылуу иштеп бошотулду.

 

584