Тилек Токтогазиев «ДыйканДос» Telegram жардамчы ботун кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорду Айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги «EnactusKRSU» командасы менен биргеликте ишке ашырууда.
Telegram ботко кошулуу үчүн катталуу керектелет. Андан соң «Сураныч бот менен иштөө үчүн каттоодон өтүңүз» билдирүүсүн окуп, андан соң эмне жөнүндө маалымат алгыңыз келсе ыңгайлуусун тандап кененирээк маалымат ала аласыз.
«Санариптештирүү боюнча ишибиздин алкагында бүгүн телеграмма боттун бет ачары болуп өттү. Ал дыйкандар үчүн алмаштыргыс жардамчы жана чыныгы дос болот деп ишенем. Чат-бот дыйкандарга маалымат берүү жана мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана күбөлүк жөнүндө ыкчам маалымат берүү үчүн түзүлгөн. Жалпы платформа суроолорго жооп алуу, продукцияны сатууга жардам берүү жана аналитикалык маалыматтарды жана билим берүү шаймандарын алуу үчүн чыныгы дыйкандын жардамчы досу болот», — деп берилет маалыматта.