7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Токтогазиев этке болгон бааны жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгат

274

Айыл чарба министрлиги эт базарындагы баа саясатын жөнгө салуунун эки механизмин иштеп чыгууда. Бул тууралуу айыл чарба министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.


Анын айтымында, биринчи рычаг — бул Кыргызстанга мал ташып келүү механизми. Мал көп болот, буга байланыштуу эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, баалар төмөндөйт.


«Бирок кескин төмөндөп кетпеш үчүн, биз бир эле учурда этти экспорттоонун механизмин иштеп чыгуудабыз. Эгерде импорт көп болсо, дыйкандар продукциянын баасы түшүп кетти деп нааразы боло башташат. Ошондуктан бааларды бирдей деңгээлде кармоо керек», — дейт ал.


Ал кошумчалагандай, аткезчилик эт баасын кымбаттатат.


«Эгер бул улана берсе, анда эттин баасы дагы өсө берет», — деп жыйынтыктады Тилек Токтогазиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

275