7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тилек Усупов: Ташиев коңшуларга компромисске келүү жолун сунуштады

608

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын биздин өлкөгө чек ара жана аймактык дооматтары боюнча Кыргызстандын позициясын туура белгиледи». Мындай пикирин vb.kg сайтынын редакциясына коомдук ишмер, «Тилекмат аке» коомдук фондунун жетекчиси Тилек Усупов билдирди.

Анын айтымында, бул учурда принципиалдуу позиция болуп саналат.

«Эгерде биз алардын кызыкчылыктарын гана ойлосок, анда биздин мамлекетке эч качан сый болбойт. Ошондуктан Ташиев мындай пикирди айтканы туура. Ошол эле учурда УКМКнын башчысы документтер бар болгону менен, коңшу мамлекетке эч кандай аймактык дооматы жок экени анык, мындай учурда бул коңшуларга компромисске баруу керек деген белги, антпесе мунун баары бир нече убакытка созулат. Бул азыркы экономикалык кырдаалда эч кимибизге пайдалуу эмес”, — дейт Тилек Усупов.

Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга карата аймактык дооматтардан баш тартууга чакырган.

«Биз эч кандай доомат болбошу керек деп жооп бердик. Жакында жаңы документтерди таптык. Алардын айтымында, Кыргызстандын көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Муну тарыхый-укуктук документтер менен далилдей алабыз. Коңшу мамлекет өзүнүн аймагынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз. Күчүбүз да мүмкүнчүлүгүбүз да жетет. Өзүбүздүн башка өлкөгө өтүп кеткен мурдагы жерлерибизди кайтарып алганы толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргызстан президентибиз баш болуп чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкени багыт алып отурабыз», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

609