Өлкөдө кодулоого алынган пакистандыктар 1 айлык туристтик виза алып келгендер. Алар 1 айдан кийин өлкөлөрүнө кетишет. Бул тууралуу ТИМдин орун басары Айбек Артыкбаев Facebook баракчасына жазды.
Ал ошондой эле, 1 айлык туристтик визаны узартууга мыйзамга ылайык эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин баса белгилеген.
«Акыркы күндөрү өлкөбүздүн борборунда жана Ыссык-Көлдө чет өлкөлүк жарандар жүргөнүн сүрөткө тартып соцтармактарга ар кандай маалыматтарды билгени да билбегени да жазып жатышат!
Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга келүүгө визаны онлайн Е-Виза системасы аркылуу эч кандай мамкызматкердин аралашпастыгы менен алышат.
Бул туристердин үчүнчү өлкөгө бара турган визалары же ПМЖсы бар жарандар, биздин мамлекетибизде калып кетем деген оюу да жок!
Өлкөбүзгө канча көп туристер келсе ошончолук көп акча каражатын таксиге, тамак-ашка, жатаканага, гидтерге, аэропортко жана башка нерселерге сарптап таштап кетет. Ар бир турист 15 күндөн 1 ай ичинде жок дегенде 500$дан 1000$ мамлекетибизге сарптап, таштап кетсе эмнеси жаман?
Азыр коронавирус пандемия убагында элибиз кыйналып турганда четтен акча келип сиз менен бизге таштап кетсе жакшы эмесби?», — деп жазган ал.
Эскерте кетсек, соңку жумада «чет элдик жарандар Кыргызстанда жайылып кетти, булар эмне көбөйүп кетти», — деп аларды токтотуп алып сурак алгандардын саны арбын. Ал тургай алардын урушкандары да жок эмес.