7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Россиянын элчисине мончодогу окуя боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

365

Бүгүн, 14-апрелде Тышкы иштер министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.

Жолугушуу 11-апрелде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу уюштурулган.

ТИМ Россия тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берди.

Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды.

366