7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ: Жаңы өкмөт коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүүдө

170

«Жаңы өкмөт коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүүдө», — дейт тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Бул тууралуу анын 7-декабрдагы кыргыз-америка мамилелерине байланыштуу билдирүүсү социалдык тармактардагы катуу сынга алынгандыгына байланыштуу жообунда айтылат.

Маалыматка ылайык, министрлик коомчулукка Бишкекте Америка тарабы менен болгон акыркы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү жана кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулагандыгын маалымдаган.

Кыргыз тарабы америка тарабына алардын ушул багытта кызматташуу боюнча сунушу үчүн ыраазычылык билдирет.


«Америка тарабы менен жетишилген макулдашууларды ырааттуу аткарып, Министрлик АКШнын элчилигинен резонанстуу иштердин акыйкат тергелишине салым кошо турган материалдарды сурады. Ошол эле учурда, мындай кызматташтык, башка кызматташтыктардай эле, мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин негизги укуктук ченемдеринин жана негизги принциптеринин бири суверендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө болгон принциптин чегинде жүргүзүлөт деген ниетибизди билдиребиз. Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүргүзүүдө. Өкмөт коррупционерлерге жана уюшкан кылмыштуу топтун лидерлерине каршы резонанстуу кылмыш иштерин логикалык бүтүмгө келтирүү ниетин бир нече жолу билдирген. Кыргыз элинен уурдалган, кылмыш жолу менен алынган мүлктөр кайтарылып берилип, күнөөлүүлөр адилеттүү жазаланууга тийиш экендигинде шек жок. Бул маселе боюнча Америка тарабы менен кызматташуу буга чейин өз жемишин берген — Кыргызстандын элинен уурдалган айрым мүлктөр Кыргызстанга кайтарылды. Учурда америкалык кесиптештер менен биргеликте мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоо жана кайтарып берүү боюнча иштер улантылууда. Кыргыз тарабы эки тарап мындан да чоң натыйжаларга жете аларына ишенет. БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын мүчөсү болгондуктан кыргыз тарабы, жалпысынан, АКШ гана эмес, башка достук мамиледеги өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга даяр, анткени коррупция трансулуттук коркунучка айланып, демократиялык институттарга, улуттук экономикага жана укуктук тартипке олуттуу зыян келтирүүдө. Мындай кызматташуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү, демократиялык институттарды чыңдоо, өлкөнүн саясий тутумунун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызыкчылыктарына жооп берет. Ушул билдирүү менен кыргыз тарабы өзүнүн ачык позициясын жана жогоруда айтылган маселелер боюнча эл аралык укуктун жана улуттук мыйзамдардын колдонуудагы чегинде кызматташууга даяр экендигин ырастайт, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөргө алар тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

171