7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ТИМ Жакынкы Чыгыш аймагына баруудан баш тартууну сунуштады

577

Биз Жакынкы Чыгыш аймагында болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салып турабыз. Бул тууралуу ТИМден билдирди.

«Биз жаңжалдашып жаткан тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого, анын ичинде аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат»,- деп берилет билдирүүдө.

ТИМ аймактагы туруксуздук менен байланышкан тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Израил Мамлекетине, Иран Ислам Республикасына жана Ливанга баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ошол эле учурда, буга чейин Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырат.

578