7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тиш доктурда чарчап калган 3 жашар кыз боюнча териштирүү башталды

703

Бишкекте стоматологиялык клиникада үч жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган окуянын чоо-жайын иликтей турган атайын комиссия түзүлдү. Аны министрдин кеңешчиси жетектейт.

Ал эми кичинекей кыздын өлүмү катталган клиниканын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Бул ишти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды.

«Ошондой эле, тиешелүү укук коргоо органдарынан кайрылуу келип түшкөндүгүн, ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн компетенттүү тиешелүү адистер берилээрин маалымдайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

704