Тоң районунда көлдүн жээгинен кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар түндө табышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, денеде тактар байкалган эмес. Азырынча каза болгон кыздын өздүгү тактала элек. Милиция туугандарын издөөгө жардам сурайт.
Учурда Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кыздын сөөгү райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилген.