7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоңдо жасалма аттестат алган айылдык кеңештин депутатына кылмыш иши козголду

432

Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутатына карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө (атайылап жасалма расмий документти пайдалануу) каралган кылмышты жасоого шектүү катары, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.У.К. айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартибин алдын ала билип туруп, 2020-жылы Тоң районунун Төрт-Күл айылындагы Б.Мамбетов атындагы орто мектеп тарабынан берилген № 038000 орто билими тууралуу жасалма аттестатка ээ болгондугу аныкталган, ал бул документти 2021-жылдын январь айында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталып жатканда колдонгон.

Мындан улам, толук орто билими жок К.У.К. Тоң районунун аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары мыйзамсыз катталып, кийин Болот Мамбетов айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

433