7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородогу мектеп электр жабдууларынан улам өрттөнгөн, 1,5 млн. чыгым келтирилди

1545

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин өрттөнүп кеткендигине байлаыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана, эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ басма соз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы болжол менен электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы 468 м2 түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 млн. сомдук материалдык чыгым келтирилген.

“Азыркы учурда 2-корпуста кошумча класстар даярдалып, окуу процесси үзгүлтүкө учураган жок. Мектеп көмүр менен толук камсыз болгон. Учурда окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, экинчи корпустун ичинде, кичирээк бөлмөдө жүргүзүлүп жатат. ӨКМ тарабынан кошумча 40 тонналык мобилдүү үй убактылуу колдонууга берилди”, — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1546