7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Торолук Кожоберди Таалайбеков  “КМШнын мыкты студенти” деп табылды

2557

Тогуз-Торолук Кожоберди Таалайбеков  “КМШнын мыкты студенти” деп табылды. Ал Бишкек мамлеккеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик башкаруу багытында окуйт.

«КМШнын мыкты студенти-2021» эл аралык долбоору Казакстандын илимпоздорунун Конгрессинин колдоосу менен «Бобек» Улуттук Кыймылы тарабынан уюштурулган. Конкурска жалпы 50 студент катышышкан.

Бул иш-чаранын максаты — КМШ өлкөлөрүнүн бардык университеттеринин ичинен илимий иштерде, чыгармачылыкта, студенттин өзүн-өзү башкарууда, спортто жана илим менен билимди өнүктүрүү үчүн бириктирүүчү аянтча түзүүдө эң активдүү болгон студенттерди аныктоо жана аларга дем берүү, ошондой эле бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн студенттеринин ортосунда кызматташтыкты калыптандыруу. Долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусия жана Россиянын мыкты студенттери катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча стундентер | даражадагы диплом, жана дагы төш белги менен сыйланышат. Ар бир мыкты стунденттин ысымы «Таланттуу жаштар энциклопедия»  эл аралык стунденттик китептер жыйнагына киргизилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2558