Тогуз-Торолук Маил Алияскаров Панфилов районуна аким болуп дайындалды. Мурдагы аким Бакыт Козуев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Маил Алияскаров Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында 1977-жылы 20-июлда жарык дүйнөгө келген.
1994-1998 – жылы — Академик У.А.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо -металлургия институтунун Өнөр жайлардын экономикасы факультетинде, тоо-кен өнөр жай экономисти адистиги боюнча билим алган;
2004-2005-ж — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында Менеджмент адистиги боюнча билим алган.
Маил Алияскаров 2020-жылдын 3-апрелинен азыркы убакка чейин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаментинин директорунун орун басары болуп эмгектенип келген;
Уй-бүлөлүү, кыргыз, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.