Тойго барган 24 киши тамакка ууланды. Окуя эки күн мурда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында болгон.
Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Алина Токтоназарованын айтымында, тургундардын бири үйүнө той берип, сырттан ашпозчуларды жалдаган.
Ошол эле 5-октябрь күнү тамакка уулангандар Чолпон-Ата райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшө баштаган.
Токтоназарованын айтымында, тамакка ууланган 24 кишинин тогузу 14 жашка чейинки балдар, калганы чоңдор. Учурда ооруканада 15 киши жатканын, абалы орто экенин билдиришти.
Булак: Спутник