Аламүдүндө жайгашкан тойкананын бириндеги сүрөтчү кызды башка тепкен жарандын видеосу боюнча Чүй ОИИБнин маалымат берди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 2002-жылы туулган жаран Б.М. кайрылган. Ал Көк-Жар айылындагы ресторандын ичинен белгисиз адам тарабынан себепсиз эле сабалганын билдирген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча иш козголду.
Жүргүзүлгөн иш-чаралрынын натыйжасында белгисиз адамдын өздүгү аныкталып, 1994-жылы туулган Э.А милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынды. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мас экендигин билдирген.
Сотко чейинки өндүрүштө жабырлануучунун денесине келтирилген зыянды аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жабырлануучунун ден-соолугуна жеңил зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, жабырлануучу тарабынан бул факты боюнча милиция кызматкерлери каттабай коюшту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени бул факты дароо Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен катташып бардык иш-чараларды жүргүзүшкөн.