7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

562

Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” тапанчасы жана октору алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат алышкан.Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Издөө иш-чараларынын натыйжасында кечээ, 4-февраль күнү Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана аты менен аталып, крим чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, ИИМдин алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.Белгилей кетсек, кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опузалап талап кылуу жана мыйзамсыз баңгизатын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон. Учурда Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды»,  деп жазылат маалыматта.Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563