7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарында 15 жаштагы Сезим Сталбекова изделүүдө

617

Токмок шаарында 2006-жылы туулган Сталбекова Сезим Улановна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылы 31-майда Токмок шаарындагы Трясин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 150-155 см, арык-чырай, кой көз, чачы узун, күрөң түстө, көкүлүндө сары түс бар.

Кийими: кара түстөгү футболка, агыш түстөгү джинсы шым, кара-ак түстөгү спорттук бут кийим.

“Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу баланышып коюну өтүнөбүз: Чүй облустук милициясы: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85; Токмок шаардык милициясы: (0312) 60-73-63, (03138) 6-31-02, 0501 90 00 65, 0551 102 753”,-деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618