7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы Дмитрий Биволго ыйгарылды

1028

Токмок шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, WBA версиясында бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго Токмок шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Бул иш-чара мекеме-ишканалардын, шаардык кызматтардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктардын, бокс күйөрмандарынын катышуусунда өттү.

Ардактуу наамды Дмитрий Биволго шаар мэри Урматбек Самаев жана шаардык кеңештин төрагсы Т.Сансызбаев тапшырды.

«Рахмат, менин мекенимде сүйүктүү ишимде жетишкен натыйжалар ушунчалык жогору бааланганына кубанычтамын», -деп Дмитрий Бивол Токмок шаарында туулуп-өскөндүгүнө сыймыктанаарын билдирди.

Андан соң, ал мурда өзү машыккан Жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебиндеги бокс залына барып, келечектеги жаш спортчулар менен жолугушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1029