7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Токмок жылуулукка» үйлөр мыйзамсыз кошулганы аныкталды

667

“Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Токмок шаарындагы “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу боюнча маалыматтар келип түшкөн. Анда, бир катар үйлөр “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган, келтирилген зыян алдын ала алынган маалыматтар боюнча 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 55 миллион сомдон ашык суммадагы жаратылыш газын ашыкча чыгымдоо жана республикалык бюджеттен 49 миллион сомдон ашык бөлүнгөн каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу боюнча башка мыйзам бузуулар аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана “Токмок жылуулук” МИге жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668