7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто 7 жашар баланын сөөгү дарыядан табылды

523

Токмокто каналга түшүп кеткен 7 жашар баланын сөөгү Чу дарыясынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Дача-1 айылында 7 жашар бала 12-май күнү саат 18:00 чамасында көчөдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз болгондугу кабарланган.

Каналга түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен издөө иштерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Ал күнү издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.

14-май күнү издөө иштерин уулантууга Токмок шаардык жана Чүй районунан 15 куткаруучу, 47 милиция кызматкери жана 50 жаран чыккан.

Изделип жаткан баланын сөөгү саат 8:30дарда Чу суусунда Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан куткаруучулар тарабынан табылып милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524