Токмокто жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ЖКККБдан билдирди.
Кырсык бүгүн болжол менен саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин-Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишини сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жөө жүргүнчү жеринен көз жумган.
Кылмыш изи суй электе шектүү катары «Фолсфаген» унаасынын 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу айдоочусу кармалды. Учурда унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми аталган адам Токмок РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.