7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Штефан Таркович: Жигиттер бүт оюнду менин үй-бүлөмө арнашты

568

21-мартта Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Кытай Тайбэйинин командасын утту.

Беттеш Гаосюн шаарынын «Наньцзы» стадионунда өттү. Эсеп 2:0 менен аяктады. Эми курама команда Тайбэй менен кайра 26-мартта Бишкекте мелдешмекчи.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович оюн боюнча комментарий берди.

«Мен азыр чынында да эле оор күндөрдү башымдан кечирип жатам, бүгүн команда атам экөөбүзгө унутулгус бир ишарат жасады. Жигиттер биринчи голду гана эмес, бүт оюнду менин үй-бүлөмө арнашты. Мен бул команданын машыктыруучусу болгонума кубанычтамын.

Биринчи кезекте, балдар өз мүнөзүн көрсөтүштү, анткени оюндун жарымынан көбүн аздыкта ойноп, ошол эле учурда жеңишке жетүү – бул жакшы көрсөткүч. Албетте, тактика маанилүү, бирок команда бүгүнкү оюндагыдай мүнөзгө ээ болбосо, эч кандай тактика жардам бербейт.

Албетте, күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Биз үйүбүздөн алыс жерде ойносок дагы, дайыма колдоого ээ болобуз. Алар бүгүн команданы кубаттап турушту. Ушундай колдоого ээ болуу өтө чоң сыймык»,- деди ал.

17-мартта Штефан Тарковичтин атасы көз жумган.

569