7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды

373

1997-жылы ар кандай үлүштөрү бар жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген, «Токмок ПАТП» ААКны (автобекет) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ошол эле учурда мамлекеттин үлүшү 30%ды түзүп, бирок мамлекет «Токмок ПАТП» ААКтын ишмердүүлүгүнөн эч кандай дивиденд алган эмес.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционерлер «Токмок ПАТП» ААК Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, базар баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

 

374