7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмокто үрөй учурган жол кырсыгынан 3 адам жабыркады (ВИДЕО)

611

Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда болжол менен саат 20:59 чамаларында Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкедеги «Хонда Адиссей» унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта «Фольксваген пассат» унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын 2 жүргүнчүсү жана «Фольксваген пассат» унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык оорканасына жеткизилген.

612