Социалдык тармактарда, Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып ыйлаган карыянын видеосу https://7tv.kg/eldik-video-mal-bazarda-120-mi-somun-uurdatkan-ataga-el-akcha-chogultup-berdi-video/тараган.
«Бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат»,- деди Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ 16-октябрда Токмоктун мал базарында акчасын уурдаткан карыяга эл ошол жерден 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.