7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул ГЭСин кайтарган жоокер жанындагы ефрейторго кокусунан ок атып алды

1516

Токтогул ГЭСин кайтарган жоокер кокусунан ефрейторго ок атты. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрель күнү ИИМдин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Токтогул ГЭСин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер Б.К. куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан атып жиберген.

Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунун булчуңунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1517