7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул ГЭСинде суу тартылып, жээктеринен 1-2 тонна эски тетиктер табылды

748

Токтогулда суу сактагычында суу тартылгандыктан суунун алдында калган эски техникалык тетик табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Стал Ашымов билдирген.

Анын айтымында, кечээ, 18-апрелде көл жээгинен жер казып жаткан балдарга күбө болгон.
«Суу сактагычка куйган касиеттүү, дарылыгы бар суу бар дешет. Ошону көргөнү бара жатып, көл жээгинде жерди казып жаткан балдарды көрдүм. Балдар темир, алтын буюмдарды изилдеген жабдыгы менен иликтеп көрүшүп, ушул жерди казышкан экен. Тетиктер чыгыптыр. Салмагы 1-2 тоннадай деп жатышат. Суу тартылган жерден ата-бабалар колдонгон ар кандай буюм- тайымдар да чыгып жатат», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар суу тартылгандан кийин табылган табылгалардын баары жыйналып, өзүнчө музейге айлануусу керек дешет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749