7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул шаарынын борбордук стадиону жаңыланат (ФОТО)

539

Токтогул шаарынын борбордук стадиону реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев стадиондо көчмө жыйын өткөрүп жатып белгиледи.

Аталган стадион 1980-жылы колдонууга берилгенден бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жыйындын жүрүшүндө стадиондун реконструкциясынын эскиздик планы көрсөтүлдү. Оңдоп түзөө иштеринин алкагында стадиондун өзүн жана анын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштерди жергиликтүү бийлик ишке ашыруу милдеттенмесин алды.

Реконструкция алкагында КФБ өз консультативдик кеңешин көрсөтүп, ал эми КР футболду өнүктүрүү фондунун жардамы менен стадиондун оюн талаасын толугу менен жаңылап, жарыктандыруу шам-чырактарын камсыз кылат.

Ушул жылдын август айында оңдоп-түзөө жана курулуш иштери аяктайт.

540