Чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалды. Ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган. Бул тууралуу ИИМ билдирет.
Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча «массалык башаламандык» жана «бейбаштык» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
18-майдан тартып соц.тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен ошол күнү таңкы саат төрттө келишкени аныкталган. Андан соң, Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган унаа табылып, рулда 1999-жылкы Азат Жекшенбеков аттуу жигит экендиги белгилүү болуп, кармалды. Учурда ал Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон.
Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.