7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул суу сактагычында балык уулагандарга 38 миң сом айып салынды

147

Токтогул суу сактагычынын аймагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору рейдке чыгышты.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда айрым жарандар балык уулоочу торлорду сууга коюп жаткан учурда кармалды. Мыйзам бузуу фактылары жеринде катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жыйынтыгында 7 жаранга укук бузуулар кодексинин негизинде ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 38 миң 500 сом айып салынды.

Текшерүү маалында мыйзамсыз кармалган балыктар да аныкталды.

Жаратылышка келтирилген зыян үчүн 34 миң 542 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Мындан тышкары, рейдде сууга салынган болжол менен 560 метрге жакын тор алынып, кошумча 100 метрге жакын жаңы синтетикалык торлор табылды.

148