7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда баңгизат жасап, сатууга шектелгендер кармалды

218

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңгизатын жасап саткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Токтогул районунун Буракан айылында О.У.А. аттуу жаран кошунасынын үйүндө кол өнөрчүлүк аркылуу гашиш жасоону уюштурган. Үй ээлеринин туруктуу жоктугунан пайдаланып, чогултулган марихуананы камдап, кийин сатуу үчүн ар кандай прекурсорлорду колдонуу менен гашиш жасаган.

Ал өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган, ошондой эле өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган.

12-февралда шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 кг болгон баңги каражаттарынын ири партиясы жана даярдоо үчүн жабдуулар табылып алынган.

Учурда О.У.А. жана аталган аймактын эки тургуну УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

 

219