7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда үйүнө 22 килограмм «марихуана» баңгизатын сактаган жаран кармалды

266

Токтогулда үйүнө кара жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар каптарды сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-декабрында жүргүзүлгөн санкциялаштырылган тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1984-жылы туулган О.К. аттуу жашоочусунун жашаган үйүнөн кара жашыл түстөгү, өзгөчө кендир жыты бар зат салынган каптар табылган.


«Мындан ары жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баңгизаттарды сатып жана өндүрүп келген жай аныкталды. Тинтүүнүн жүрүшүндө баңгизаттарды даярдоо үчүн колго жасалган шаймандар дагы табылып алынды. Соттук- химиялык изилдөөнүн негизинде табылып алынган заттардын жалпы салмагы 22 килограмм 130 граммды түзгөн «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

267