7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 5 мүчөсү кармалды

495

УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү 5 жактоочусу кармалды. Аталган адамдар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан.

Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана экстремисттик материалдар табылып алынды.
Жогорудагы адамдар «Йакын Инкар» ДЭАнын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияны үгүттөө иштерин жүргүзүп келишкен.

Кармалган адамдар соттун чечими менен 1 айга Жалал-Абад шаарынын 53-мекемесине киргизилди. Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча ДЭАнын жактоочулары өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Йакын-Инкар» ДЭАнын мүчөлөрүн аталган уюмдун Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө жол бербөө арызы менен мыйзамсыз чакырыктарга алдырбоого, ошондой эле экстремисттик идеологиядан баш тартууга чакырышты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

 

496