7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда каракчылык жана унаа уурдоо менен издөөдө жүргөн шектүү Чүйдөн кармалды

245

Токтогулда каракчылык жана унаа уурдоо менен издөөдө жүргөн шектүү Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-октябрдан 6-октябрга караган күнү болжол менен саат 01:40 чамасында Токтогул районунун тургуну А.Г.нын үйүнүн дарбазасынан сырттан тааныш болгон Кутман аттуу бала ашып өтүп, үйүнө кирип келип уктап жаткан жеринен учтуу курч нерсе менен моюнуна такап коркуткан, үй ээси кыйкырып жибергенде гана кылмышка шектүү терезеден качып кеткен.

Ошол эле күнү Токтогул шаарчасынын көчөлөрүнүн биринде Ауди А-6 үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жаран үйдүн короосунан жашыруун түрдө айдап качып кеткени белгилүү болгон.


Жогорудагы фактылар боюнча тергөө тапшырмалары берилип, анын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1997-ж.т. М.К. окуяга тиешеси бар экендиги такталган. Ага 2020-жылдын 19-декабрь күнү издөө иши ачылган.


Бул сотко чейинки өндүрүш иштеринин жыйынтыгында изин жашырып качып жүргөн М.К. 15-январда Чүй облусунун Панфилов районунун аймагында кармалып, өздүгүн текшерүү учурунда, жанында 28 грамм өзгөчө кескин жыты бар, баңгизатына окшош (гашиш) зат алып жүргөндүгү да аныкталган.


М.К. 2021-жылы 15-январь күнү Токтогул РИИБнин УКЖна киргизилип, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246