7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулда профилактикалык иштер уланууда

667

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында профилактикалык жумуштар улантылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери түнкү убакыттарда өспүрүмдөрдүн себепсиз көчөдө жүрүүлөрүн көзөмөлгө алып жатышат. Ошондой эле окуучулардын мектептерге негизсиз барбай коюуларын болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларга, эрте никеге турууга бөгөт коюу багытында да алдын алуу иштери алып барылууда.

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу боюнча тегерек стол өткөрүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө терс көрүнүштөр орун алган учурда кайдыгер карабастан милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Мындан сырткары РИИБдин көчмө кабылдама унаасы аркылуу жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу улантылып жатат. Райондун Комсомол, Каратектир жана Кызыл-Туу айылдарына милиция кызматкерлери бул унаа менен барышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооптор берилип, сунуштары кабыл алынды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

668