7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  

Курсы валют:

84,82
USD –0,01%
102,16
EUR +0,24%
1,11
RUB +0,51%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
4°C

Новиков: Токиодогу оюндарда медаль жеңүү пландалышы керек

154

Артем Новиков өлкөнүн курама командаларынын спортчуларын 2021-жылкы эл аралык комплекстүү спорт оюндарына катышууга даярдоо; Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылы өтүүчү Азиянын спорт түрү боюнча чемпионатын өткөрүүгө, ШКУ эл аралык марафонун жана Воллейбол боюнча кубогун өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө спортчуларды даярдоо, каржылоо, 2021-жылы өлкө аймагында ири эл аралык турнирлерди өткрүүгө даярдык, ошондой эле башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат угулду.

«Эгемендүүлүк жылдары биз мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай жана мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Учурда ал салтты жаш муундагы спортчулар улантууда. Ошондуктан биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Ал үчүн биз спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл», — деди Артем Новиков.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— спорт түрү боюнча федерациялар менен биргеликте спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларынын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;
— Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн финансылык каражатардын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;
— Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү жана сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;
— Жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргыз Республикасынын курама командалары үчүн окуу-машыгуу сборлорунун өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;
— Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;
— спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

155