7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулдагы жигит 20 жаштагы кызды ала качып кеткен

726

Чүй облусунун «Сосновка» постунан 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык,  бүгүн, 23-сентябрда саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда 20 жаштагы кызды ала качып кеткендиги тууралуу маалымат укук коргоочуларга келип түшкөн. Анда белгисиз жарандар Ауди үлгүсүндөгү унаа менен кызды ала качып кетишкен.

«Чүй облусу боюнча «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постунан Ауди унаасы токтотулду. Унаада кыз менен бала бар экени аныкталды. Кызды эркине каршы никелешүү үчүн Токтогул районуна ала качып бара жатышкан.Учурда 1998-жылы туулган жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинди, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп кабарлашты мекемеден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727