Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки азербайжандык журналист жана бир жергиликтүү аткаминер каза болду. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мина Калчабар районунда жарылган. Каза болгон Сирак Абисов мамлекеттик AzTV телеканалынын журналисти, ал эми Магеррам Ибрагимов AzerTag мамлекеттик агенттигинин кызматкери эле. Жардыруудан жергиликтүү аткаминер көз жумуп, дагы төрт адам жарадар болду.
Белгилей кетсек, эки апта мурда чек арада ок атылып, тараптар бири-бирин айыпташкан. Андан бери миналардын жарылышынан 15 турган мерт кетип, жүздөн ашууну жараат алышкан. Тоолуу Карабак мурдагы Советтер Союзунун аймагында эң көп мина коюлган жер катары саналат.