7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Пакистан Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи өттү

279

Бүгүн, 7-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Рух-Ордо” маданий борборунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 этно-жоокер катышты.

Өз ара саламдашуудан кийин лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароолдун катарын кыдырып чыгышты. Асиф Али Зардари Ардак кароол ротасына “Салам аскер!” деп саламдашты. Ушундан кийин лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Асиф Али Зардари протоколдук сүрөткө түшүү жана кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна өтүштү.

280