7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 59 млн долларлык «Жашыл кепилдиктер» механизми ишке кирет

286

«Кепилдик фонд» ААК өлкөдө экологиялык таза бизнести колдоого багытталган «Жашыл кепилдиктер» долбооруна катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялайт.

Фонддон билдиришкендей, долбоордун жалпы бюджети 59 млн доллар түзөт.

Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан бул ири демилгенин негизги максаты — чакан жана орто бизнеске энергияны үнөмдөө, заманбап технологияларды киргизүү жана айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу багытындагы долбоорлорго насыя алууну жеңилдетүү болуп саналат.

«Кепилдик фонд» ААК өнөктөш финансылык уюмдардын (банктардын) кредиттик тобокелдиктерин азайтуу үчүн жеке жана портфелдик кепилдиктерди берет. Натыйжада ишкерлердин «жашыл» долбоорлор үчүн финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Бул тандоо өлкөдө жашыл каржылоо рыногун өнүктүрүүгө жана туруктуу бизнеске инвестиция тартууга жаңы жол ачат. Катышуунун шарттары жана талап кылынуучу документтердин тизмеси фонддун расмий сайтында жайгаштырылган.

287