7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды

694

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер, профессор Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры маалымдады.

Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. Ал “Манас” эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири.

Алсак, И. Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинде ”Манас таануу” институтун ачууда ошону менен катар “Манас” жана Ч. Айтматов атындагы улуттук академияны ачып, негиздөөдө эмгеги ат көтөргүс. Аксакал катары калыстык кебин айтып, өз пикири, үнү менен өчпөс тарых жасады. Даанышман аксакалыбыздын жаркын элеси түбөлүккө биз менен.

7-каналдын жалпы жамааты Топчубек Тургуналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

695