7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Торугарт-автожол» өткөрүү пунктунда 48 кызматкер суукка карабай иштөөдө

403

Бүгүнкү күндө «Торугарт-автожол» өткөрүү пунктунда абанын температурасы күндүз -25ке чейин жетип, түнкүсүн -40 градуска чейин төмөндөөдө. Тынымсыз муздак шамал болууда.

Аталган өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан, деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте турат.

Климаттык шарттын катаалдыгына карабай «Нарын» бажысынын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. 48 кызматкер 24/7 режимде эки сменде иштешет.

«Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан күн сайын эки тарапка 500гө чейин унаалар өтөт. Бажы кызматынын кызматкерлери келген жана чыккан жүктөрдү үзгүлтүксүз штаттык режимде өз убагында башкарууну жүргүзүп жатышат.

404