7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамптын эң негизги атаандашы Нэнси Пелоси саясатта карьерасын аяктады

203

Дональд Трамптын негизги атаандашы жана АКШнын эң таасирдүү конгрессмендеринин бири, 85 жаштагы Нэнси Пелоси Конгресстен кеткенин жарыялады. Бул тууралуу “The Guardian” басылмасы кабарлады.

Маалым болгондой, Пелоси кайра шайлоого барбай турганын айтып, конгрессмен жана Өкүлдөр палатасынын спикери болуп иштеген биринчи аял катары 20 жылдык карьерасын аяктап жатканын жарыялады.

Мен үчүн Өкүлдөр палатасынын трибунасына туруп, «Мен Сан-Франциско элинин өкүлүмүн» деп айтуудан өткөн сыймык жок», — деди ал.

Басылма белгилегендей, спикер катары Нэнси Пелоси Барак Обама менен Жо Байдендин администрациясынын тушунда мыйзам чыгаруу демилгелерин алдыга жылдырууда негизги ролду ойногон. Ал лидерлик кызматынан кеткенден кийин да Демократиялык партияда таасирдүү фигура бойдон калып, кесиптештерине саясий чакырыктарды, анын ичинде Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүн чечүүгө жардам берген. 2024-жылы ал Трамп менен ийгиликсиз дебаттан кийин Байденди шайлоодон баш тартууга көндүргөн.

 

204