7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

393

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Министрликтин борбордук аппараты Кара-Балта-Бишкек унаа жолун иретке келтирип, парапеттерди тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Жол чарба департаменти, Жол фонду менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери ишембиликте бөлүнүп берилген аймактарды иретке келтиришти.

Мындан тышкары, ишембиликке министрликтин түзүмдүк бөлүм, мекемелеринин (“Кыргызжолтрансдолбоор” ДИИ, «Кыргыз темир жолу» УК жана «Кыргызавтожол-Түндүк» МИ) кызматкерлери да активдүү катышты.

Белгилей кетсек, ишембилик 15-марттан 17-майга чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.

394